БИШКЕК. 6-октябрдын кечинде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Санкт-Петербург шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушту. Эки тараптуу бул жолугушууда саясий-дипломатиялык, экономикалык, суу-энергетика тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары күчөтүү, эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоо жаатында кызматташуу тууралуу маселелердин айланасында сүйлөшүү жүрдү. Тараптар аймактык деңгээлдеги маселелер боюнча да ой бөлүшүтү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадыров буларды билдирди:
- Негизинен жолугушуу жарык, жакшы маанайда өттү. Бул эки мамлекет ортосундагы кылымдардан келаткан достук мамилелерди жакшыртууга карата реалдуу кадам болот деген ишеним бар. Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясий мекемесинин демилгеси менен өттү.
Белгилеп койчу жагы, акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилеринин бийик деңгээлдеги бетме-бет жолугушуулары боло элек болчу.