Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Кошмо Штаттары Өзбекстандагы жабылып жаткан америкалык база үчүн калган карызын төлөөөдөн баш тартты


АКШнын Сенаты Карши-Канабад согуштук базасын пайдалангандыгы үчүн 23 миллион доллар төлөөнү бир жылга кийинкиге калтырды. Өзбекстан бул базаны жарым жылда бошотууну талап кылгандан кийин, азыр америкалык аскерлер чыгарыла баштады.

"Америка карыздарын төлөш керек, бирок Кошмо Штаттары карапайым элди кырууну көзгө илбей, диктаторлорго накталай акча которбошу керек", деп айтты Сенатор Жонн Маккейн. Сенатор ошондой эле Өзбекстандын президенти Ислам Каримов америкалык аскерлерди гана кубалабастан, Кошмо Штаттары менен анти-террор кызматташтыгын токтотуп, анти-америкалык үгүт-насаат жараянын баштаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG