БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 9-10-октябрь күндөрү Кыргызстандын аймагы боюнча аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда ал карга айланат. Тоолорго кар жаайт. Өрөөндүү жерлерде абанын температурасы 5-10 градуска чейин төмөндөйт. Ошондой эле 10-11-октябрда Талас, Нарын, Чүй облустарында, жана Ысыккөл облусунун чыгыш тарабында 0 градустан -3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт.
8-октябрда республика боюнча ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24 градус. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26 градус. Ысыккөл, Нарын аймактарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20 градус жылуу.
Бишкек шаарында өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +21...+23 градус болот.
Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу