ОШ. Бул жөнүндө билдирген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага-инспектору Жеңишбек Ашырбаев шарттуу аталыштагы операциянын жүрүшүндө уурдалган жана мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды издөөгө өзгөчө көңүл бөлүнгөндүгүн айтты. Операциянын жүрүшүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган адамдар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана алардын бетин ачуу боюнча атайын оперативдүү иликтөө топтору түзүлдү. Мындан сырткары, мыйзамдуу негизде курал алып жүрүшкөн мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын куралдары текшерүүдөн өткөрүлдү. Пресс кызматтын ага-инспектору Ашырбаев “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө 59 адам административдик, 9 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, жалпысынан мыйзамсыз сакталган 69 ок атуучу курал тартылып алынгандыгын кабарлады. Оперативдүү иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Карасуу районунун Сабай айыл өкмөтүнүн 29 жаштагы тургунунун үйүнөн “Снайпер” мылтыгынын 29 огу, “Калашников” автоматынын 104 огу жана бир даана граната табылган.