Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Маркум Үсөн Кудайбергеновду актоо сунушу Жогорку cотко жолдонду


БИШКЕК. Кыргыз Акыйкатчысы Турсунбек Бакир уулу Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда белгилүү каскадер, маркум Үсөн Кудайбергеновдун кылмыш ишин принципиалдуу жана тийиштүү мөөнөттө кароо маселеси менен коюлган. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан 7-октябрда маалымдашты. Маалыматка караганда, Акыйкатчыга Москва областтык «Бизнес жана укук» адвокаттар коллегиясынын Бишкектеги №1 филиалынын адвокаттары Эдуард Ли жана Тынаев кайрылышкан. Өз арызында адвокаттар Үсөн Кудайбергеновдун көптөн бери созулуп келе жаткан кылмыш ишинин Жогорку соттун кылмыш жана административдик иштер боюнча коллегиясында калыс жана өз мөөнөтүндө каралышына көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алар маркум Үсөн Кудайбергеновду туугандарынын, жакындарынын,кыргыз элинин жана бүтүндөй эле жалпы коомчулуктун алдында реаблитациялоо үчүн Жогорку соттун атына өтүнүч кат менен кайрылууну Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунан суранышкан.

Маркум Үсөн Кудайбергенов мурдакы бийлик тарабынан “Манас-1000”мааракесин уюштурууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен түрмөгө кесилип, алты жыл жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин, өткөн жылы түрмөдөн бошонуп чыккан.

XS
SM
MD
LG