Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Сузакта өткөн митингдин катышуучулары өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. Карадарыя айыл өкмөтүндө өткөн митингге Баяман Эркинбаев курган базарга келген миңдей адам катышты. Нааразылык акциясында сүйлөгөндөр маркум депутатты атып өлтүргөндөр табылбай жаткандыгына, кылмыш-тергөө иштеринин натыйжасыз жүргөндүгүнө жана бийликтин бул тармактагы ишинин жансыздыгын белгилешти. Митинг соңунда президент К. Бакиевге, өкмөт башчы Феликс Куловго, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен башкы прокуратурага жана маалымат каражаттарына кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууда Баяман Эркинбаевди өлтүрүүгө буюртма бергендер менен атып өлтүргөндөрдү таап, ачык сот аркылуу эл алдында жазалоо, депутаттын мыйзамсыз басып алынган жана тартылып алынган менчиктерин үй-бүлөсүнө кайтаруу, көзү өткөн эл өкүлүн каралоону токтотуу талаптары коюлган. Карасуу базары менен Оштогу «Алай» мейманканасына окуяларды иликтөө, ал окуяларга байланыштырылып кызматтан четтетилген экс-башкы прокурор А. Бекназаровду саясий жана моралдык жактан актоо, жогорудагы жаңжалдар боюнча негизсиз айыпталып, жоопко тартылган адамдарды бошотуу жагы эскертилген.

XS
SM
MD
LG