Пакистандын полициясы бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн Пенжаб провинциясынын Манди Бахаудин шаарында бүгүн эртең менен Ахмадия деген мусулман уюмдун мүчөлөрүнө белгисиз адамдар кол салып, ок аткандан кеминде сегиз адам өлүп, дагы жыйырмага жакын киши жараат алды. Кол салгандар үч мотоцикл минип келген. Ахмадия сектасынын аракеттерине Пакистанда 1970-жылдардан бери тыюу салынган.