Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Аба ырайы


Бишкектеги гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 9-10-октябрь күндөрү Кыргызстандын аймагы боюнча аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Чүй, Талас, Ысыккөл облустарында жамгыр жаап, карга айланат. Тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда 0...-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү терилип жаткан өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизиши ыктымал.

9-октябрда республикада жаан-чачындын болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +7...+12, күндүз +12...+17 градус жылуу. ТАЛАС облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15 градус жылуу болот. БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +15...+20 градус жылуу. ЫСЫККӨЛ жана НАРЫН өрөөндөрүндө күндүн жылуулугу түнкүсүн +3...+8, күндүз +10...+15 градус.

БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн +7...+9, күндүз +13...+15 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG