Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Сулайман Иманбаевди сот жараянында бейөкмөт уюм коргойт


БИШКЕК. 10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтө турган сот жараянында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевди «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясы коргойт. Бул тууралуу 8-октябрда аталган уюмдун төрагасы Эдил Байсалов билдирди. Ал белгилегендей, Сулайман Иманбаевди сот жообуна тартууга негиз жок. Иманбаевдин үстүнөн ушул жылдын август айында ээлеген кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү февраль-март айларындагы парламенттик шайлоо учурунда Бишкек шаарындагы №1 Университет шайлоо округунан депутаттыкка койгон Бермет Акаевага мыйзам бузууларга жол берген деген айып коюлган.

XS
SM
MD
LG