Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Кыргызстандын чек араларында кошумча өткөрүү пункттары ачылат


БИШКЕК. Жыл аягына чейин Кыргызстандын Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен болгон чекараларында жалпысынан 14 өткөрүү пункттары ачылышы керек. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чектеш жерлериндеги чекара бекеттеринде өткөрүү пункттарын курууга, бекеттердеги материалдык-техникалык абалды жакшыртып, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырууга АКШнын мамалекеттик департаменти, Түндүк Атлантика Альянсы, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Кытай Эл Республикасынын коргоо министрлиги көмөк көрсөтөт. Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларын чыңдоого, мамлекеттик чек аралардагы чыр-чатактардын алдын алууга жардам көрсөтүү боюнча программасы тарабынан да көмөк болушу күтүлүүдө. Аталган программа боюнча 2005-2006-жылдары Кыргызстанга чек ара бекеттерин чыңдоого 2 млн. сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу 8-октябрда Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы чекара кызматынан «Азаттыкка» билдиришти.

XS
SM
MD
LG