БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров Аксы шайлоо округунан, ал эми белгилүү саясатчы Роза Отунбаева Бишкектеги Түндүк шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышат. Мындай чечим «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын 8-октябрдагы отурумунда кабыл алынды. Мындан сырткары «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы өзүнчө Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгып сунуштайт. Алар болочокто Кыргызстанда парламенттик башкаруу ыкмасын киргизүү демилгесин көтөрүшүдө.