Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Азимбек Бекназаров - «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын төрагасы


БИШКЕК. Курамына тогуз саясий партия кирген «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын координациялык кеңешинин жыйыны 8-октябрда Бишкекте өткөрүлдү. Анда кыймылдын уюштуруу иштери талкууланды. Талкуу учурунда аталган кыймылдын учурда аткаруу бийлигине иштеп жаткан мүчөлөрүнүн кыймылга мүчө болуусун убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле отурумда кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы болуп «Асаба» партиясынын башчысы Азимбек Бекназаров шайланды. Учурдагы президент Курманбек Бакиев жетектеген «Кыргызстан» элдик кыймылы март ыңкылабын жетектеген. Ыңкылаптан кийин аталган кыймыл «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы болуп кайра түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG