Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

КАРАСУУЛУК ДЫЙКАНДАР ПАХТА БААСЫ АРЗАНДЫГЫНА НААРАЗЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облусунун пахта өстүрүүгө ылайыкташкан дыйкан чарбалары быйыл пахта буласынын арзан болуп жаткандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Кеткен чыгым акталбай калып жатканына тынчсызданышкан дыйкандар пахтаны сыртка алып чыгып сатышкан ортомчу фирмаларды ашкере кызыл кулактык кылып жатышканы үчүн айыпташууда.

Карасуу районундагы бир катар дыйкан чарбалары Ош облустук мамлекеттик администрациясына пахтанын баасынын арзан болуп, үч жылдан бери тиешелүү деңгээлде киреше алыша албай жатышкандыгын билдирген кайрылуу жолдошту. Учурда ортомчу фирмалар пахтанын бир килограммын дыйкандардан 15-16 сомдон сатып алып жатышат. Жоош айыл өкмөтүндөгү «Төрөгелди» дыйкан-фермердик чарбасынын башчысы Абдисатар Төрөгелдиев пахта буласынын пахтаны сыртка алып сатуучу ортомчул фирмалар жасалма түрдө бааны арзандатып, эки ортодон кызыл кулактык кылып жатышат, деген пикирин билдирди:

- Мурунку иштеген жылдарыбызда мурдагы бийлик монополия кылчу эле. Эми жаңы бийлик келгенден бери пахтанын баасы кымбатайт десек, кымбаттабады. Дагы эле 15-16 сомдон жогору болбой, дыйкандардын кетирген чыгашаларын актабай атат. Жаңы бийлик келгени менен монополия кайталангандай эле болуп атат.

Пахта буласын сыртка алып чыгып сатуу менен беш жылдан бери алактенип келе жаткан «Транзит-Юг» фирмасынын жетекчиси Сулайман Исманов пахтанын арзан болуп жаткандыгын анын дүйнөлүк рыноктогу баасынын көтөрүлбөй төмөн бойдон калгандыгы менен түшүндүрдү. Анын сөзүнө караганда пахтанын дүйнөлүк баасы акыркы эки жылда үч эсе төмөндөгөн. Учурда тазаланган пахта буласынын жергиликтүү баасы 1050 АКШ долларын түзөт:

- Бүгүнкү шартта пахтанын баасы дүйнөлүк биржаларга карата болот. Мисалы эки биржа Англияда анан Нью-Йоркто бар. Ошого карата дүйнөдө чыныгы баа түзүлөт. Мисалы, бүгүнкү күндө дүйнөлүк баа менен пахтанын тоннасы 1300 доллар. Кыргызстандагы баа 1050 доллар болуп атат.

Ош облусунун губернаторунун айыл чарба маселелери боюнча орунбасары Болот Бүргөев пахтанын баасын көтөрүү максатында кеңири атаандаштык чөйрө түзүү үчүн чет элдик сатып алуучуларды тартуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи:

- Пахтанын баасын көтөрүү боюнча азыр облустук администрация республиканын министрликтери, ведостволору менен сүйлөшүп атабыз. Бизге орусиялык сатып алуучуларды таап бергиле, келсин деп, облустагы заводдун деректирлери менен сүйлөштүк, ошондой эле быйыл баасын, сапатын көтөрүү боюнча обладминистрацияда сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Эске сала кетүүчү жагдай, токсонунчу жылдары түштүк Кыргызстанда жетимиш миң тонна пахта буласы өндүрүлгөн. Акыркы беш жыл ичинде бул көрсөткүч тен жарымына чейин кыскарган.

XS
SM
MD
LG