Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

АКШнын саламаттыкты сактоо министри Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө он күндүк иш сапарда болот


Майк Ливитт бүгүн башталып жаткан сапары учурунда чөлкөмдөгү төрт өлкөнү: Таиланд, Камбоджа, Вьетнам жана Лаосту кыдырып, алардын бийликтери менен "канаттунун сасык тумоосу" илдетине каршы күрөшүүгө байланышкан иштерди талкуулайт. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш дары-дармек чыгаруучу эң ири беш компаниянын жетекчилигине "канаттуунун сасык тумоосу" вирусуна каршы вакцинаны өндүрүүнү тездетүү өтүнүчү менен кайрылды. Жума күнү Вашингтондо болгон жолугушууда Буш бул вакцинанын корун тезинен түзүү зарылдыгын белгиледи. Эксперттер "канаттуунун сасык тумоосу” илдети азыр адамзаттын саламаттыгына келтирилип жаткан эң ири коркунуч экенин эскертишүүдө. Бул илдеттен Азиянын жогорудагы төрт өлкөсүндө алтымыштай адам мерт болгон. Эгер вирус мутацияланып, адамдан адамга жугуу жөндөмүнө ээ болсо, миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG