Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Украинада тамакка ууланып 300дөн ашуун жаш бала ооруканага жаткырылды


Алардын төртөөсүнүн абалы өтө оор. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенине караганда, Хмельницк облусунда алгачкы 299 бала оорканага кечээ жаткырылган эле. Бүгүн аларга дагы 33 бала кошулду. Эки-алты жаштын аралыгында балдар жергиликтүү бакчада даярдалган тамак-аштан ууланганы болжолдонууда. Себеби, алгачкы иликтөө балдар кефирден ууланганын көргөзгөн. Былтыр Украинанын үч облусундагы мамлекеттик бала-бакчаларда тазалыктын начардыгынан тамак-аштан ууланып, 800дөй бала жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG