Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Казакстанда 3 тоннага жакын өзөктүк отун кайра иштетилет


Казак өкмөтү жана АКШда жайгашкан коммерциялык эмес уюм Казакстанда 3 тоннага жакын өзөктүк отунду утилдештирүү боюнча долбоорду ишке киргизишти. Бул тууралуу бүгүн Усть-Каменогрск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусу менен өткөн жыйында белгилүү болду. Долбоордун наркы 2 миллион доллар. Аны "Өзөктүк коркунучту азайтуу боюнча демилге" деп аталган фонд каржылмакчы. Бүгүнкү жыйынга аталган фонддун тең төрагалары америкалык сенатор Сэм Нан менен белгилүү медиа магнат Тэд Тернер да катышты. Долбоор боюнча Совет доорунда Казакстандын Маңгышлак атомдук станциясында өндүрүлгөн, курамында байытылган уран бар өзөктүк отун Усть-Каменогорск шаарындагы Ульба металлургиялык комбинатында иштетилип, аз байытылган уранга айландырылмакчы. Аз байытылган уран аскерий максатта колдонулбайт.

XS
SM
MD
LG