Мындай билдирүүнү бүгүн Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Араб Лигасы уюмунун башкатчысы Амр Муса жасады. Амр Мусанын айтымында, жакында Иракка өлкөдөгү бардык фракциялардын башын бириктирип, элдешүү конференциясын даярдоо максатында Араб лигасынын дипломаттары барганы жатат. Мунун аралыгында козголоңчулардын бүгүнкү кол салууларынан бир адам мерт болуп, 10ну жаракат алды. АКШ армиясы Сирия чек арасына жакын Анбар провинциясында жети күнгө созулган аскерий операция учурунда 50дөй согушкерди жок кылганын билдирди. Ал эми 15-октябрда Иракта өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн жалпы элдик референдум өтүшү керек. Өлкөнүн ички иштер министри Баян Бакер Солахтын билдиргенине караганда, муну утурлай 13 октябрдан 17сине чейин өлкөдө коменданттык саат киргизилет. Бардык чек аралар, аэропорттор, деңиз порттору жабылат. Референдумга бир сутка калганда провинциялар ортосунда каттам токтотулмакчы.