Алардын автомашинасын жан кечтинин машинасы барып сүзгөн. Кандагардын губернатору Асадулла Халид британиялыктар бажы кызматкерлери болчу деп билдирди. Эки кишинин абалы оор, калган экөөнүн жаракаттары жеңил, деп кошумчалады губернатор. Кабулдагы британ элчилигинин өкүлү маалыматты бышыктап, бирок ал кол салуу болгон-болбогонун тастыктай алган жок.