Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Пакистанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды


Пакистандын Улуттук геологиялык борборунун директор орун басары Мухамед Хан ишемби күнкү жер титирөөдөн 40 миңден ашуун киши мерт кетти болушу ыктымал деп билдирди:

- Так сан азырынча белгисиз, жолдор кыйрагандыктан кээ бир алыскы айылдардан маалымат алуу мүмкүн болбой жатат. Бирок азыртадан эле өлгөндөрдүн саны 40 миңдин айланасында болот деп айта алам.

Буга чейин Кашмирдин Пакистан бөлүгүнүн коммуникация министри Тарик Махмуд чөлкөмдө 30 миң киши каза болгонун билдирген эле. Расмий маалыматтарда болсо, курмандыктардын саны 19 миң киши деп айтылып келатат. Пакистандын ички иштер министри 42 миңдей адам ооруканаларга жеткирилгенин маалымдады. Пакистандын президенти Первез Мушарраф эларалык коомчулукту жардам берүүгө үндөдү. Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

БУУ, Дүйнөлүк банк, Япония, Европа Биримдиги, Россия, Кытай жана АКШ зилзала болгон аймакка акчалай жардамын, куткаруучуларын, тамак-аш, дары-дармек, чатырларын жибере башташты. Индияда болсо 360 кишинин өлүмү тастыкталды. Дагы бир киши Ооганстанда набыт болду.

XS
SM
MD
LG