БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Биринчи май райондук сотунда БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевдин үстүнөн сот жараяны болот. Ага башкы прокуратура тарабынан парламенттик шайлоо учурунда экс-президенттин кызы Бермет Акаева жеңип чыккан Универститет округу боюнча мыйзам бузууларга көз жумган, деген айыптар тагылууда. Сулайман Иманбаевдин айтымында, ал экс-президент Аскар Акаев менен 24-марттагы бийлик алмашуудан кийин сүйлөшө элек. Ал эми кызы Бермет Акаеванын атынан телефон чалышып, ушундай окуялар болуп жатканына өкүнгөндүгүн билдиришкен. 10-октябрда боло турган сот жараянында Сулайман Иманбаевди айрым бейөкмөт уюмдар коргоп чыгаары күтүлүүдө.