Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Каракечеде мыйзам орнотууга бир жума убакыт берилди


БИШКЕК. Каракече көмүр кенинде түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш 10-октябрда токтом кабыл алды. Токтомдо кенде болуп жаткан мыйзам бузууларды токтотуу талабы коюлуп, аны аткарууга аткаруу бийлигине бир жума убакыт берилди. Депутаттар Каракече көмүр кенин басып алуучулардын башчысы Нурлан Мотуевге каршы кылмыш ишин козгоону талап кылышууда. Ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мирзакаримов Мотуевге кылмыш ишин козгоого негиз бар экенин, бирок комиссиянын бүтүмү жок экенин билдирди. Бул иштин аягына чыгууга бизге бир жума убакыт бергиле, деп өтүндү Шеркозу Мирзакаримов депутаттардан.

XS
SM
MD
LG