БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевге байланышкан сот иши 18-октябрга жылдырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 10-октябрда чыгарды. Ага белгиленген сот жараянына күбөлөрдүн бири Бектур Зулпиевдин келбей калышы себеп болду. Сулайман Иманбаевге башкы прокуратура №1 Университет шайлоо округунан шайланган экс-депутат Бермет Акаеванын үгүт иштерине байланышкан мыйзамсыз документтерге кол коюп берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш козгогон. Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3, 305-беренесинин 2-бөлүмчөлөрү боюнча козголгон бул иште 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок БШКнын экс-төрагасы козголгон кылмыш ишин негизсиз жана мыйзамга каршы келет, деп эсептеп жатат.