БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалымат боюнча, Кондализа Райс Кыргызстандагы иш сапарын демократияга, Конституциялык, экономикалык реформаларга арналган иш чарага катышуудан баштайт. Абдылас Малдыбаев атындагы опера, балет театрында өтө турган бул жыйынга саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышаары күтүлүп жатат. Түштөн кийин Кондализа Райсты президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов кабыл алаары болжолдонууда. Күндүн соңунда Кыргызстандын президенти менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын биргелешкен маалымат жыйыны өтмөкчү. Кондализа Райс Кыргызстанга болгон сапарын 12-октябрда да улантат, деп билдиришти тышкы иштер министрлигинен.