Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

ЭСИЛ КАЙРАН, ЭСТЕКЕМ...


Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрынан 11-октябрга караган түнүндө кан басым оорусунан СССРдин, Кыргызстандын жана Казак Республикасынын калк акыны, ак таңдай, залкар төкмө Эстебес Турсуналиевден калдайган калың кыргыз калкы айрылды.

Орозонун улуу күнүндө залкар ак таңдай төкмө Эстебес Турсуналиев 74 жаш курагында каза таап, калдайган калың калкын кара жамынтып, кабыргаларын кайыштырып турган чагы. Ал замандаштарынын арасында “ХХ кылымдын залкары, төкмө акыны, сан ырынын баары алтын” деген баага татыган жана ар дайым кабагым, кашым дебей кашкая күлүп, жадырап-жайнап жүргөн мүнөзү, пендеде жок адамкерчилиги, айкөлдүгү, балдай татыган сөздөрү менен сый-урматка бөлөнгөн. Эстекең 1947-жылы Кыргыз Улуттук филармониясынын босогосун аттап, бүгүнкү күнгө чейин “Эл ырчысы Эстебес” деген фольклордук топту жетектеп иштеп келген эле. Таластын алакандай Арал айылынан чыккан ак таңдай төкмөнүн мукамдуу үнү, берметтей мөлтүрөгөн канаттуу ырлары кыргыздын ар бир үй-бүлөсүндө гана эмес, кезинде Индия, Франция, Жапония, Түркия өңдүү жана башка ондогон чет өлкөлөрдө да жаңырып, бейтааныш угуучулар да шаттыкка бөлөнгөн эле.

Эстекең төкмө акын десе төкмө, комузчу десем комузчу, ырчы, аткаруучу, кези келген жерде манасчы да эле. Ошону менен бирге кумдай куюлуштура сүйлөгөн сөзмөр, таңдайынан чаң чыккан чечен да болчу. Ал алп акындар Калыктын, Алымкулдун, Осмонкулдун шакирти болгон.

Куйма кулактуу Эстекем өзүнүн устаттарынын жана өзү менен бирге иштешкен залкар, шайырлардын ырларын, күүлөрүн, дастандарын гана эмес, кулк-мүнөздөрүн мүнөздөп кеп келечектерин келиштире сыпаттап айтканда кирпик какпай угуп отурар элек. Ушундан улам Эстекемди замандаштары “Өткөн-кеткен эл шайырларынын кептерин уккуң келсе Эстебестен ук. Ал өзүнчө эле жаткан жандуу энциклопедия” дешчү.

Эмесе кезекти өткөн кылымдын 90-жылдарында Эстекеңден тасмага жазып алган шакирттери жөнүндөгү баардашуунун үзүндүсүнө берели:

- Мен өзүм көргөндөн кооз ырдаган, абдан ырга бай Алыкем эле. Калк баары сыйлачу эле. Төкмө жагынан Осмонкул аксакалдайды көргөн эмесмин. Көзүмдү ачканда эле ошону көрдүм.

Ал эми айтылуу Коргоол тууралуу мындай деген:

- Эми Коргоол аксакалдын өзүнүн ырдап жүргөн ырларынан бир-эки куплетин ырдап берейин. Калжытай деген кызга ырдаптыр:

Толукшуп тийген сен бир ай,
Тобумдан тапкан Калжытай,
Жаркырап тийген сен бир ай,
Жанымдан чыкпайт Калжытай.
Караңгыда жагылган чырак белең Калжытай
Ышкыбозго табылган ынак белең Калжытай? – деп Коргоол аксакал ушундай күйгөндөрдөн. Анан кийин Коргоол аксакал комуз черткенде Аккуунун башындай кылып кол имерип, куудулданып, абдан укмуш чертер эле,
- деп ырдап берген эле.

Эстекемдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы бүтүндөй кыргыз эли менен бирге республикалык “Айтыш” коомунун төкмө акындарын да өзгөчө кайгылуу кайгыга батырды. Эстекемди бармактайынан ээрчип, шакирти аталган төкмө акын Амантай Кутманалиев өзүнүн өзөктөн чыккан кайгысын мындайча жоктоду:

- Асылынан айрылган
Ак калпак кыргыз эл жетим,
Ата-бабаң жай кылган
Алатоо ыйык төр жетим.
Чарбагың учту бийиктеп,
Чалкыган Ысыккөл жетим,
Кучакташып бирге өскөн
Курбу-курдаш тең жетим
Кубаттап өнөр үйрөткөн
Ушул кулунуң, балаң мен жетим.


Эмне дейли. Эстекең артына ак калпактуу кыргыз калкы менен бирге жашай турган көөнөрбөс көркөм мурастарды калтырып кетти. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Эстеке!

XS
SM
MD
LG