Өзбекстандын Фергана шаарында 7-октябрда укук коргоочу Мутабар Тожибаева камакка алынганы бүгүн белгилүү болду. Анжиян окуялары боюнча соттолуп жаткан 15 жигит сотто билдиргенге караганда, аларды козголоңго чыгууга Тожибаева үндөгөн. Күнөөлөнгөн бардык 15 жигит бүткүл күнөөнү мойнуна алып, козголоң сырттан уюштурулган деп да айтууда жана алардын баары өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.