Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Таласта экс-президентке жакын адамдардын мыйзам бузууларына байланышкан иштерине чекит коюла элек


ТАЛАС. Элдик революцияны коргоо кыймылынын Талас облустук өкүлчүлүгүнөн 11-октябрь күнү алынган маалыматка караганда, Аскар Акаевдин Таластагы жакындарына байланыштуу мыйзам бузуу фактыларын териштирүү ар кандай шылтоолор менен кечиктирилип жатат. Маселен, Майрам Акаеванын сиңдиси Аязгүл Саркишева “Талас даназык” акционердик коомун арзан баада мыйзамдарды бурмалоо менен сатып алган факты боюнча тергөө амалдары али аяктаган жок. Облустук прокуратура Жогорку сотко жолдогон арызда “Талас даназыкты” менчиктештирүүдө орун алган 7 мыйзам бузууну калыбына келтирүү өтүнүчү жазылган. Бул мыйзам бузуулар калыбына келтирилсе Аязгүл Саркишева аталган АКнын 41,6 пайыз акцияларын мамлекетке кайтарып берүүсү керек. Анткени ал “Талас даназыктын” 70 пайыз акциясын мамлекеттен ажыратууда мамлекеттин жана эмгек жамаатынын кызыкчылыгын бузуп, өз менчигине айландырып алган. Бирок Элдик революцияны коргоо кыймылынын Таластагы бөлүмүнүн кызматкерлери адилеттик орнооруна ишенишпейт. Себеби алардын пикиринде милиция, прокуратура, сот органдары дагы деле өз чөнтөктөрү үчүн иштеп, Акаевдик кадрлардан көбүрөөк пара жеп алгылары келишет.

XS
SM
MD
LG