Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Кондолиза Райс менен Курманбек Бакиев журналисттердин суроолоруна жооп берди


БИШКЕК. Өкмөт башчы менен жолуккан соң Кондолиза Райс президент Курманбек Бакиев менен көзмө-көз сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Андан соң Курманбек Бакиев менен Кондолиза Райс журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ Мамлекеттик катчысы Кыргызстанга терроризмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен коопсуздук жаатында кызматташуу мындан ары да уланаарына ишенээрин белгиледи. Журналисттерди АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Ганси авиабазасына байланышкан маселе көбүрөөк кызыктырды. Кыргыз президенти Ганси базасы Ооганстанда тынчтык орномоюнча тура берээрин, эгер зарылчылык болсо бул маселе АКШ менен Кыргызстандын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилээрин билдирди. Маалымат жыйынында Кондолиза Райс АКШ Кыргызстанга саясий-экономикалык тармакта жардам берүүсун уланта берээрин айтты. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү бйликтин артыкчылыктуу багыттары болушу керектигин эки тарап тең белгилешти. Президент Курманбек Бакиев тышкы саясатта Кыргызстан тигил же бул өлкөгө артыкчылк бербей, бардык өлкөлөр менен бирдей кызматташаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG