Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктер аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүүнү эсиңиздерге салат! 14-15-октябрь күндөрү Талас, Нарын, Чүй жана Ысыккөл облусунун чыгыш тарабында 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине өз залакасын тийгизиши мүмкүн.

13-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус. Баткен, Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсун +7…+12, күндүз +16…+21 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19 градус жылуу болот. Ал эми Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18 градус.

Борборубуз Бишкекте жамгыр себелеши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсун +3…+5, күндүз +15…+17 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG