Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Электр кубаты үчүн карыз төө буурчак менен жабылат


ТАЛАС. “Түндүк электр” акционердик коомунун Таластагы бөлүмүнүн жетекчилиги 12-октябрь күнү маалымат жыйынында жарыя кылды. Анткени акционердик коомунун баш кеңсеси жана Кыргыз өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, элден электр энергия үчүн карызды жоюуга төө бурчак кабыл алууга уруксат берилген. Жакынкы күндөрдөн баштап шаардык жана райондук электр тармактар ишканалары абоненттерден төө бурчактын бир килограммын 35 сомдон кабыл алып башташты. Түндүк электрдин Талас бөлүмүнүн жетекчилеринин алдын ала эсептөөлөрүнө караганда, калктан 2 миң тонна төө бурчак кабыл алынып, бул 140 млн. сомдук дебитордук карыздын 80 млн. сомун гана жабат. Калган карызды өндүрүүгө туура келет.

XS
SM
MD
LG