Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Жер үлүшү бар коомдук уюмдар премьер-министрге кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. 12-октябрда “Достук курулушу” Ассоцациясы, “Эл жери” жана “Чакыруу” аттуу курулушчулардын коомдук бирикмелери премьер-министр Феликс Куловго кайрылуу жолдошту. Анда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Каражыгач айыл өкмөтүнө тиешелүү 74 гектар жерди аталган коомдук бирикмелердин үлүшүнө берүүгө жана ошол эле аймактан аталган коомдук бирикмелер 2002-жылы сатып алган 32 гектар үлүш жерге турак жай курууга уруксат сурап, өкмөттөн атайын чечим чыгарып берүүнү өтүнүшкөн. Кара жыгачтагы 74 гектар жерге жогорку бийликтеги чиновниктер, депутаттар кызыкдар болгондуктан Чүй облустук, Аламүдүн райондук администрациясы 7 айдан бери коомдук бирикмелердин өтүнүчүн аткарбай келди, дейт куруучулардын “Элжери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бурул Исмаилова:

- Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Рысалиев Каражыгач айыл өкмөтү Юсупов менен сүйлөшүп, чет элдик инвесторлорду тартып, чоң суммадагы акча берем деген экен. Жерди ээлеп турган коомдук бирикмелердин мүчөлөрүн жер участогунан кетирүүнү айтыптыр.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Рысалиев Каражыгач айыл өкмөтүндөгү жер участогуна тиешеси жоктугун, ал тууралуу кабары жоктугун 12-октябрда “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG