Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Күйүүчү май кымбаттайт


БИШКЕК. Бейшембиден баштап 76, 80 үлгүлөрүндөгү күйүүчү май 1 сомго, 93 жана 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 50 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтедрейлерлер ассоцациясынын вице-президенти Улан Базаркулов 12-октябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мунай затты экспорттогон Казакстандын өкмөтү дизелдик жана күйүүчү майларды 31-декабрга чейин өлкө аймагынан мунай заттарын чыгарбоо тууралуу токтом кабыл алган. Мунун кесепетинен мунай зат сатып алууга келишим түзүлгөн Казакстандын эки заводу 5 млн. доллар өлчөмүндөгү 8 миң тонна күйүүчү майды, 3500 миң тонна дизелдик майды Кыргызстанга жөнөтүүнү токтотушкан. Учурда Казакстандын айрым аймактарында 1 литр бензиндин баасы 150 теңге, же 45 сом 82 тыйынга чыккан. Ал эми Омскидеги мунай заводунун техникалык оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Орусиядан ташылып келинүүчү дизелдик жана күйүүчү майлардын көлөмү кыскартылган. Базаркуловдун билдиргенине караганда, өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG