Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Феликс Кулов Москвада экс-президент менен жолуккан эмес


БИШКЕК. 12-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратты. Анда премьер министр Феликс Кулов Москвага болгон иш сапарында 29-сентябрдан 30-сентябрга караган түнү экс-президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Акаевдин ортомчулары менен эч кандай жашыруун жолугушкан эмес, деп айтылат. Буга “КООРТ” телеберүүсүндө “Кулов менен Акаев Москвада жашыруун жолугушту” деген такталбаган маалымат себеп болгон. Эске сала кетүүчү нерсе, 30-сентябрда Феликс Кулов Москвада “Интерфакс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө жолтоо болууга негиз жок, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG