Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Тегеран Европа өлкөлөрү менен атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр


Бул жөнүндө бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Билдирүүдө бирок Иран тынчтык максаттарындагы өзөктүк долбоорун уланта бермекчи, деп белгиленет. Британия, Германия жана Франция Тегеранды уран байытууну токтотууга көндүрө албай келатышат. АКШнын жана башка батыш өлкөлөрү бул процесс атомдук курал жасоого карай кадам болуп калышы ыктымал, деп чочулашат. Өткөн айда Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттик Иран өзөктүк куралды таратпоо жөнүндөгү келишимди бузууда деген резолюция кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG