Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 14-октябрда Кыргызстанда күн бүркөлүп-ачылып турат. Айрым аймактарда жаан-чачын болот. Тоолорго кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0…+5 градус, кээ бир жерлерде үшүк жүрөт. Күндүз +13…+18 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19 градус. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Күндүз +11…+16 градус жылуу.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG