Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

«Эркиндик» партиясынын өкүлдөрү Жалалабат облусундагы атуулдардын колун топтоодо


ЖАЛАЛАБАТ. Партиянын облустук бөлүмү парламентти таркатуу боюнча жаңы үлгүдөгү кол топтоо барагынын акыркы бөлүгүн 13-октябрда Тогузторо жана Базаркоргон районуна жөнөттү. Облустун район-шаарларына 50 миң кол топтоо барагы таркатылды. Партиянын 221 мүчөсү жер-жерлердеги жүздөгөн жактоочулары менен бирге аталган саясий иш-чараны жүзөгө ашырууда. Борбордук шайлоо комиссиясы атайын уруксат бергенге чейин облуста 70 миң адамдын колу жыйналган. Мындай маалымат 13-октябрда партиянын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдон алынды. Төраганын билдирүүсүнө ылайык, облуста партиянын мүчөлүгүнө 14 миң адам кабыл алынды, саясий уюмга өтүүнү каалаган миңдеген жарандар арыз беришкен, алардын өтүнүчү баштапкы уюмдардын изилдөөсүнөн кийин каралат. Бирок партиялык билетке миңдей адам ээ, каражаттын тартыштыгынан улам мүчөлөрдү билет менен камсыз кылуу кыйынчылык туудурууда. Коомчулуктун башка бөлүгүнүн ою боюнча, парламентти таркатуу өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек туудуруусу ыктымал.

XS
SM
MD
LG