Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Айрым саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мамлекет башчыга кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Кыргызстандын мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тез аранын ичинде өлкөдөгү кадр саясатын өзгөртүшү зарыл. Мындай мазмундагы кайрылууну президент Курманбек Бакиевге Топчубек Тургуналиев жетектеген «Эркиндик» партиясы жана башка ондон ашуун бейөкмөт уюм өкүлдөрү жолдошту. Кайрылуу ээлеринин пикиринде, мамлекет башчысы жакын аранын ичинде, Аскар Акаевдин мезгилинде жогорку кызматтарды ээлеп, коррупцияга малынып, элди азапка салган айрым жетекчилерди токтоосуз кызматтан кетирүүсү зарыл. Ошондой эле алар жакын арада Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү, андан соң Жогорку Кеңешти таркатууну өтүнүшкөн. Мындай кайылууга “Эркиндик” партиясынан сырткары «Кыргызстан үй куруучулары», «Элдик революция» кыймылдары жана башка ондон ашуун бейөкмөт уюм өкүлдөрү кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG