БИШКЕК. Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы отуруму 13-октябрда Бишкекте өттү. Ага мамлекет башчы Курманбек Бакиев жетекчилик кылды. Курманбек Бакиев өз сөзүндө Кыргызстанды президенттик-парламенттик башкаруу ыкмасына өткөрүүнү, өлүм жазасын жана келечекте мамлекет башчысынан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол тийбестик укукту алып салууну сунуштады. Ал эми кеңешменин айрым катышуучулары Кыргызстанды чыныгы президенттик башкарууга өткөрүп, мамлекет башчысы бир эле мезгилде мамлекетти жана өкмөттү жетектесин деген сунуштарын айтышты. Андан соң жыйындын катышуучулары кеңешменин уюштуруу маселерин талкуулай башташты.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси март ыңкылабынан кийин көтөрүлүп, курамы 114 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме кыска мөөнттүн ичинде Конституциянын долбоорун иштеп чыгып, элдик талкууга койгон. Ал эми президенттик шайлоодон кийин алар иштеп чыккан долбоор жокко чыгарылып, мамлекет башчы тарабынан кеңешменин жаңы курамы түзүлгөн.