Акыркы эки айда Тажикстанда тыйуу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп шектелген 36 киши камакка алынды. Тажик бийликтеринин кабарлашынча, алардын арасында топтун аймактык башчылары деп шектелген бир нече адам да бар. Ислам халифатын курууну көздөгөн “Хизб-ут Тахрир” партиясына Германияда, Британияда, Россияда, Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө тыйуу салынган.