Түркиядан алынган сынамыктарда “куш тумоосунан” адам өмүрүнө коркунучтуу вирус табылганын Брюсселде кечээ Еврокомиссиянын саламаттык сактоо мекемелер башчысы Маркос Киприану эскертти. Анын айтымында, Румынияда жасалган сынамыктарда да ушундай эле вирус бар экенин эксперттер ырасташты. Вашингтондо бул илдетке дабаа болор дары табуу менен арпалышып жаткан адистердин кеңешмеси болуп өттү.