Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Нальчикке кол салган жаңчылар дале катуу камоолдо турушат


Жоокесептердин бир тобу райондук милиция бөлүмүндө, экинчи тобу белек-бечек дүкөнүндө корголоп, коргонуп жатышат. Алардын колунда барымтага алынган адамдар да болушу мүмкүн. Кабардин-балкар республикасынын президенти Арсен Каноков куралдуу топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр башталганын кабарлады. Мурдагы маалыматтарда шаарга уруш салып жүздөй жоокесеп киргени, алардын алтымыштайы жок кылынып, он жетиси туткунга алынганы айтылган эле. Куралдуу кагылышта он эки милиционер окко учуп, жайкын калк арасынан 13 киши мерт болду, 120 адам ооруканага жаткырылды.

XS
SM
MD
LG