Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Феликс Куловдун Астана сапарынын жыйынтыгы кандай болду?


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Куловдун 13-октябрда Астанага жасаган иш сапары учурунда бир катар келишимдерге жетишилди. Аларга ылайык, казак тарап кыргыз нефтитрейдерлери которгон акчага дизель майын токтоосуз жөнөтөт, мазутту тышка чыгарууга киргизилген чектөөнү кыргыз тарап үчүн октябрь айынын аягына чейин алып салат, андан сырткары Кыргызстан ГЭСтеринен кыш мезгилинде сууну агызуу өлчөмү боюнча эксперттер жолугушуусу өткөрүлөт. Ошондой эле тараптар алкоголь жана тамеки продукцияларына акциз салыгын теңдөө жана айыл чарба товарлары үчүн дүң соода базарларын түзүүнү макулдашкан. Бул тууралуу 14-октябрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG