Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Роза Отунбаева депутаттыкка ат салышат


БИШКЕК. Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаева Түндүк шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу максатында арыз берди. Бул тууралуу 14-октябрда Түндүк шайлоо округдук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, округдук комиссия Отунбаеванын документтерин иликтөөгө киришти. Түндүк шайлоо округунан депутаттыкка ат салышууга буга чейин мурунку премьер-министр Николай Танаев азыр берип, каттоодон өткөн. Бул округ боюнча Нариман Түлеев, Жаныш Кудайбергенов, Рустам Карагулов ат салышууга камданууда. Түндүк жана Аксы шайлоо округунда добуш берүү 27-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG