БИШКЕК. Казакстандын Чымкент заводу келе жаткан аптадан баштап Кыргызстанга бензин жана дизелдик май жөнөтө баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” нефтитрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, Чымкент заводу Кыргызстанга жыл аягына дейре ай сайын 15 миң тонна бензин, 10 миң тоннадан дизелдик май, 15 миң тоннадан мазут берип турмак болду. Ага чейин Казакстан экспортко тыюу салганга дейре акчасы төлөнүп, бирок алынбай калып калган 3 миң тонна бензин менен 3 жарым миң тонна дизелдик майды жөнөтүшөт. Базарбай Мамбетов билдиргенге караганда, Казакстандын өз керектөөчүлөрү үчүн коюлган баада берүү жөнүндө кыргыз тараптын өтүнүчүн завод кабыл алган жок. Бирок Кытай менен Ооганстанга бергенден бир кыйла арзан сатууга макулдук берди.