Тажикстандын баш прокурору Бабажан Бабаханов бүгүн кабарлагандай, учурда сойкулар деп камакка алынган тажик атуулдарын бошотуу тууралуу Араб эмираттары менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Борбор Азиялык миңдеген кыз-келиндер чет өлкөлөрдө сексуалдык күңчүлүктө жүрүшкөнү болжолдонуп келет.