Ишемби күнү кечинде, тактап айтканда саат ондорго чукул Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоп, учурда Бишкекте жүргөн орусиялык адвокат Максим Максимовичке кол салуу болуптур, атып кетиптир деген кабар тарады. Биз мындай маалыматты угаар замат, чын-төгүнүн тактоо максатында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө кайрылганыбызда, бул тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөнүн айтышты.
Ал эми адвокат Максим Максимовичтин өзүнө телефон аркылуу кайрылганыбызда буларды айтты:
- Мен кечинде Турусбеков көчөсүндөгү мурдагы квартирама анча-мынча буюмдарымды алып келгени баргам. Кол салуубу билбейм, айтор кандайдыр бир окуя болуп кетти. “Жарк” дегенде дароо ыкчамдык менен жерге жата калганга үлгүрдүм. Бир жак ийнимди бир нерсе сызып кеткендей болду. Бактыга жараша эч нерсе болгонум жок. Ден соолугум жакшы. Ийним бир аз сызылганы гана болбосо, эч кандай жараат жок.
Адвокат Максим Максимович ошондой эле окуя болгон жерде эч кимди көрбөгөнүн жана бул тууралуу тиешелүү тараптарга арыз берүүгө ниети жоктугун кошумчалады.