Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Өмүрбек Текебаев Женевада доклад жасайт


БИШКЕК. 17-октябрда Женевада Парламенттер аралык биримдиктин жыйыны башталат. Эл аралык деңгээлдеги бул жыйында терроризмге каршы күрөш, миграция, демократияны өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланары күтүлүүдө. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган делегация Женевага жекшембиде барды. Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш комитетинин төрагасы Карганбек Самаковдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, жогоруда аталган эки депутат парламенттер аралык биримдиктин демократия жана адам укугу боюнча комитетинде доклад жасашат. Мындан тышкары депутаттардын эл аралык уюмдун жетекчилиги, Кувейт, Араб өлкөлөрүнөн келген парламентарийлер менен жолугушуусу белгиленген.

XS
SM
MD
LG