Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Айжан Шаботоева, Бишкек; Сабыр Абдумомунов, Баткен; Машакбай Рахманкул уулу, Талас 11-октябрда Улуттук китепканада Искак Раззаковдун 95 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. “Учур” телетеатры Бельгия драматургу Морис Метрлинктин пьесасына коюлган “Азиздер” спектаклинин бетачарын көрсөтүштү. 14-октябрда Т.Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театры “Курманжан датка” спектакли менен 80- театралдык сезонун ачты. Бул жумада ошондой эле Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейи жетимиш жылдык мааракесин белгиледи. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү тарых музейинде “Айтыш” коомдук фонду менен маданият министрлиги биргелешип уюштурган, байгеси жүз миң сомду түзгөн манасчылардын айтышы болду.

Шейшембиден бейшембиге чейин “Учур” телетеатры 5-юбилейлик театралдык сезонунун ачылышына карата Бельгия жазуучусу Морис Метрлинктин пьесасына коюлган “Азиздер” спектаклинин бетачарын көрсөтүштү.

Театрдын продюссери Шаршебек Шейшенов аталган спектакль жана репертуарды тандоо өзгөчөлүктөрүнө мындайча токтолду:

- Репертуарды тандоодо адегенде пьесаны баарыбыз окуп чыгабыз.Ар ким өз оюн айтат. Эгер жакса, жакты деп сахналаштырууга уруксат беребиз. Эгер жакпаса койбойбуз. Морис Метрлинктин “Азиздер” пьесасы жарыкчылыкка, жакшылыкка үндөгөн чыгарма экен. Ошондуктан сахналаштырууга тандап алдык.

Шаршебек Шейшеновдун айтуусу боюнча, кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун 90 жылдык мааракесине карата учурда Медетбек Сейиталиевдин “Алыкул” аттуу поэтикалык драмасын сахналаштырылууда. Ал эми 5-театралдык сезонун театр ноябрь айынын башында жогоруда сөз болуп өткөн “Алыкул” жана “Азиздер” спектаклдери менен ачат.

***

Ишембиде “Манас мурас” коомдук фонду менен маданият министрлиги биргелешип уюштурган манасчылардын айтышы башталды. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 32 манасчы ат салышышууда.
Сынактын баш байгеси 100миң сом. Ал эми калган акчалай сыйлыктар туурасында “Манас мурас” коомдук фондунун аткаруучу жетекчиси Рыспай Исаков буларды айтты:

- Биринчи орун 50 миң сом, экинчи орунга 25 миң, үчүнчү орунга 10 миң сом. Андан сырткары дагы кызыктыруучу сыйлыктар бар. Бул сынакты өткөрүүнүн негизги максаты - эл арасынан манасчыларды алып чыгуу жана манасчылык өнөрдү көтөрүү.

***

Бейшембиде Баткен областынын түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата майрамдык иш чаралар өткөрүлдү. Жумуш күнү экендигине карабастан Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө таң эртеден жайгаштырылган “Берекелүү күз” деген аталыштагы жарманкеде облустун айыл чарба жана нан азыктары, кол өнөрчүлүк жана устачылык көргөзмөлөрү уюштурулуп, арзандатылган баада сатылды. Андан сырткары көчө сахнасы уюштурулуп, ал жерде район, шаарлардан келишкен таланттардын конкурсу өткөрүлдү.

Облус губернаторунун орун басары Акжол Мадалиев бул иш чара тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- “Төшөгүңө карап бутуң сун” деген заман болуп калбадыбы. Шаан-шөкөт, тойлордун заманы өттү. Эми өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жупуну эле өткөрүп жатабыз.

***

Аяктап жаткан апта ичинде Талас жергесинде белгилүү, обончу жана аткаруучу, маркум Чубак Сатаевдин 45 жылдыгына арналган иш чаралар болду. Ош, Жалалабад областтары менен Бишкек шаарынан келишкен Чубак Сатаевдин бирге иштешкен кесиптештери, Таластагы жергиликтүү өнөрпоздор, Чубактын жолун улантып келе жатышкан бир тууганы жана уулу бир нече күн бою алгач Бакайата районунда, андан соң Талас шаарында концерт тартуулашты. Чубак Сатаев 33 жаш өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратууга жетишиптир. Ошентип Таластан башталган “Кыргызымдын Чубагы, 45ке чыккан курагы” деп аталган программа эми Бишкекте улана турган болду.
XS
SM
MD
LG