Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

БЕНЗИН ҮНӨМҮ БИШКЕККЕ КЕЛДИ


Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттагандан кымбаттап баратат. Күзгү жыйым-терим, жер айдоого байланыштырып Өзбекстан менен Казакстан сыртка күйүүчү майды чыгарууну чектеп койгондон кийин, бензиндин баасы алыскы Баткен облусунда 35 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкекте май куюу жайлары бир айдоочуга 40 литрден ашуун бензин сатпай калды.

Күйүүчү майлардын баасы кымбаттарын өткөн айдан тарта Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы айта баштаган. Ассоциациянын президенти Базарбай Мамбетов өкмөт кысталыш кырдалдан чыгуу үчүн стратегиялык запас топтоо тапшырмасын бергенин белгилеп, ал үчүн 20 миң тонна бензин, ошончолук эле өлчөмдө керосин такай сакталып турушуна жетишүү аракети көрүлүп жатканын, туруктуу өнөктөштөрү менен иштешип жатканын маалымдаган:

- Орусия, Казакстандагы заводдор менен байланышыбыз аябай тыгыз. Ал бир күндө курулган эмес, көп жылда калыптанган. Ар бир завод өзүнүн туруктуу өнөктөштөрү менен иштегиси келет.

Күзгү жыйым-терим, жазгы талаа жумуштары күчөгөн маалда күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетери турулуу иш. «Мунай мырза» компаниясынын президенти Улан Базаркуловдун ырасташынча, күйүүчү майды ташып келүүчүлөрдүн ири өлчөмдөгү бензин, керосин сатып алууга каржылык чама-чаркы жетиштүү болбоду.

- Соңку эки-үч айдын ичинде биз ири өлчөмдө бензин, дизелдик күйүүчү май сатып ала албадык, антишке каржылык мүмкүнчүлүгүбүздүн чектүүлүгү шарт түзө алган жок.

Кыргызстандын бир жылдык күйүүчү майга керектөөсү орточо эсеп менен 500 миң тоннаны түзөт. Өткөн жылы 350 миң тонна күйүүчү май ташылып келген. Калганы ууру жолдор менен бажы тосмосун кыйгап өткөн аткеcчиликтин натыйжасы. Ушу тапта Өзбекстандын күйүүчү майдын сыртка ташылып чыгышына тыюу салып коюшунун салакасын Баткен облусу тартууда. Лейлек, Баткен райондорунда бензиндин баасы 35 сомго чейин көтөрүлдү. Облустагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновдун ырасташынча, көпчүлүк айдоочулар машинелерин токтотушка аргасыз болууда. Жалалабадда 93-бензиндин баасы 26,5 сом, 76-бензиндики 22,5 сомго чыкты. Бишкекте бир айдоочуга 40 литрден ашуун машинесине бензин сатылбай жатат.

- 40 литрден гана. 93-80-бензинди ошентип чектеп жатабыз. Дизелдик күйүүчү май каалашынча эле сатылууда, - дейт атын атагысы келбеген май куюуучу кыз.

Бишкектеги май куюучу жайдын дагы бир атын атагысы келбеген кожоюну майдын сатылышы ченелип калганын мындайча түшүндүрдү:

- Чектөө коюлбады беле, мурда маалымдалган го, ошол боюнча эле чектөө коюлуп жатат.

Бирок бул чектөө дагы канчага созуларын маектешибиз билбестигин айтты.

«Мунай мырза» компаниясынын президенти Улан Базаркулов ушу тапта Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы өнөктөштөрүнө кат жазып, жооп күтүп жатышканын, аптанын аягына чейин маселе чечилип каларын маалымдады.

- Биз дагы күтүп жатабыз. Кат жазып, эмне болот, качан болот, ошону күтүп атабыз. Андан көрөкчө бешинчи күнү телефон чалсаңыз, ага чейин билинип калат.

Улан Базаркуловдун ырасташынча, күйүүчү майдын запасы октябрь айынын аягына чейин жетет. Ноябрдан тарта Казакстандан күйүүчү май келе баштайт.

- Мына октябрга жетет баары. Ноябрдан тарта келе баштайт. Азыр маалымат жок. Ошон үчүн кичине чыдап турсаңар.

Улан Базаркулов ушу тапта бензин баасы бүт дүйнөдө көтөрүлүп жатканын айтты:

- Азыр өзүңүз көрүп жатасыз. Бензин бүтүн дүйнө жүзүндө көтөрүлүп жатат. Азыр бир нерсе айтыш кыйын.

Бензин таңкыстыгы менен баанын көтөрүлүшү артынан буюм-тайымдын, азык-түлүктүн кымбатташын ээрчите келет. Жол кире акысы асманга чыгып, кызмат көрсөтүү өйдө көтөрүлөт. Жону жука калк инфляциянын оор жүгүн көтөрүшкө мажбур.

XS
SM
MD
LG