БИШКЕК. КООРТ телеканалында жаңы жетекчилик дайындалып, бирок буга телеканалдын бардык журналисттери каршы чыгышууда. 15-октябрда өткөн акционерлердин жыйынында “Келкел” жаштар уюмунун лидерлеринин бири, Улуттук телеканалдын “Замана” студиясында 24- марттагы бийлик алмашуудан бери продюссер болуп иштеп келаткан Азима Расулова башкы деректир, ал эми Санжар Капаров башкы продюссер болуп дайындалды. Бирок телеканалдын жамааты Өмүрбек Сатаевди кайрадан башкы продюссерлик кызматка коюу, жаңы жетекчилик жамаат менен көзмө-көз жолугушуп, бардык суроолоруна жооп берүү жана сөз эркиндигинин сакталышына кепилдик берүү өңдүү талаптарды коюп жатат. Аталган телеканалдын акциясынын 52 пайызы “Айдыңкөл” коомуна, 30пайызы ишкер Болот Бегалиевге, калган бөлүгү “Учкун” акционердик коомуна тиешелүү. “Айдыңкөл” коому “Бител” компаниясынын кожоюндарынын бири жана экс-президенттин мүлкүн иликтеген мамлекеттик комиссия бул ишкананы мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө караштуу деп аныктаган. Болот Бегалиев Бишкек шаардык кеңештин депутаты, “Алга, Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болгон.