Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:04

Иракта референдумдун жыйынтыгы чыга элек


Ирактын көз карандысыз шайлоо комиссиясы өлкө конституциясын талкууга алган референдумдун жыйынтыктарын тактоого дагы бир нече күн сурады. Жыйынтыктарды жарыялоо алгач бүгүнкүгө пландаштырылган. АКШ президенти Жорж Буш референдумга эл активдүү катышканын жогору баалады. “Менин бул окуяга карата эң башкы пикирим – Ирактын эли бардык талаштарды тынч жол менен чечүү ниетин көрсөтө алды”, - деди Буш. Алгачкы маалыматтар боюнча, референдумга ирактык шайлоочулардын 60%нан көбү катышты.

XS
SM
MD
LG